ИИМ эки кишини токмоктоп өлтүргөнү үчүн “Дөө Чыңгызды” издөөгө алды
38 жаштагы Чыңгыз Жумагулов эки кишинин өлүмүнө шектелип, ал издөөгө алынды. Ал кылмыш чөйрөсүндө “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын, андан сырткары ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан сотко чейинки иликтөөнүн алкагында жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө оор кылмыштын бети ачылган.
Ички иштер органдары тарабынан оор кылмыш ишине шектүү катары 1981-жылы туулган Жумагулов Чынгыз “Дөө Чынгыз” издөөгө алынды.
10-апрель күнү болжол менен түнкү саат бирлер чамасында Бишкек шаарынын ИИББнын 102-кызматынан маалымат келип түшкөн, анда Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан “Камек” жеке менчик медициналык клиникасынан алган жаратынан улам өзүнө келбей, болжол менен жашы 30-35 чамасындагы азиат улутундагы белгисиз адам көз жумганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Ленин РИИБнын ыкчам тергөө тобу, ИИМдин Криминалдык милиция кызматы аталган клиникага барган кезде, төмөндөгүлөр аныкталды.
9-апрель күнү болжол менен саат 23:40 чамасында белгисиз азиат улутундагы адамдар тарабынан, бет башына алынган жаракаттары менен, эки азиат улутундагы болжол менен жаштары 25-35 чамасындагы жарандарды белгисиз бирөөлөр жеткизип келишкен.
Алардын бирөөсү Талас облусунун 45 жаштагы И.А аттуу тургуну келип түшкөн. Денесиндеги оор жаракаттардан улам жасалган реанимациялык иш чараларга карабастан түнкү саат 00:20 до реанимациалык столдун үстүнөн көз жумган.
Экинчиси болуп азиат улутундагы болжол менен жашы 25-30 чамасында адам дарыгерлер тарабынан көрүлгөн медициналык-реанимациялык иш-чаралар учурунда саат 10:00 до реанимациалык столдун үстүнөн көз жумган. Иш-чараларды өткөрүү учурунда экинчиси такталып, ал Талас облусунун 36 жаштагы У. А. аттуу тургуну экендиги такталган, мурда тоноо жана карактоо фактылары менен соттолгондугу аныкталган.
Жогорудагы факт боюнча чогултулган материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалымат системасына катталып, Жазык кодексинин "денеге оор залал келтирүү менен адам өлтүрүү" беренеси менен катталган.
Ушуга байланыштуу, аталган кылмыш коомдук коркунуч жараткандыктан аны иликтөөгө ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тартылган.
ИИМдин КМКнын УККБнын маалыматы боюнча, Аламүдүн районунун Кашка-Баш айлынан ооруканадан каза болгондордун бирине таандык автоунаа табылып, унааны кароо учурунда, унаанын ичинде кандын тактары бар экендиги, андан сырткары “ПМ” үлгүсүндөгү тапанча эки магазини жана дүрбү, уюлдук телефондор табылган.
"Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө оор кылмышка тиешеси барлардын өздүгү такталган.
Аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун тургундары 1984-жылы туулган Т.М. жана 1981-жылы туулган А.И. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камалышты. Алар уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат жана мурда бир нече жолу соттолушкан.Азыркы убакта милиция кызматкерлери оор кылмыш ишине тиешеси бар үчүнчү шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылынын жашоочусу 1981-жылы туулган Жумагулов Чынгыз Адашкановичке (Дөө Чынгыз) издөө жарыяланды. Бардык ички иштер органдарынын ыкчам жана сырткы кызматтарына оор кылмыш ишин жасаган шектүүнү кармоо боюнча багыттамалар берилди",- деп айтылат маалыматта.
Учурда ИИМдин криминалдык милиция кызматы жана тергөө кызматы ыкчам-иликтөө жана издөө иш чараларын жүргүзүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/iim-eki-kishini-tokmoktop-ltrgn-chn-d-chygyzdy-izdg-aldy
Добавить комментарий ×