ИИМ:дүкөндөн 3 килограммга жакын баңгизаты табылды

15 октябрь 2021 11:41 1751 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги дүкөндөрдүн биринде алмалар салынган кутудан 273 даана ширеңкенин ичине салынган баңгизаты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.  

2021-жылдын 16-сентябрында Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын реестринде катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында О.Б. аттуу жаранга тиешелүү Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде издөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында алмалар салынган кутунун ичинде 273 даана ширеңкенин ичине ныкталган кочкул-гүрөң түстөгү жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар аныкталган. Алынган заттардын жалпы салмагы 2 кг. 874 гр. болгон.

Тергөө амалдарынын жүрүү учурунда алынган заттарды 1999-жылы туулган О.Н. аттуу жаран О.Б.  аттуу жарандын бир тууган байкеси берип жибергендиги аныкталган.

Ошол эле күнү, атайын тергөө амалдарын жүргүзүүдө Ленин РИИБнын тергөөчүсүнүн тапшырмасы менен Токтогул райондук ИИБнын кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган О.Н. аттуу жаран кармалып Ленин РИИБне жеткирилген. Аталган жаран алынган заттар ага тиешелүү болгондугун мойнуна алып, өзүнүкү экендигин билдирген. О.Н. аттуу жаранга тергөө абагына кармоо тууралуу бөгөт коюу чарасы колдонулган.

Учурда бул кылмышка катыштыгы бар жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча атайын тергөө аракеттери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Ссылка: https://barometr.kg/iim-dkndn-3-kilogrammga-zhakyn-bagizaty-tabyldy



Добавить комментарий