ИИМ: Бишкектеги университеттердин бири чет элдиктер үчүн мыйзамсыз миграция уюштурган

1 февраль 2021 15:12 1576 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын бири мыйзамсыз миграцияны уюштурганы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бишкек шаарындагы билим берүү окуу жайларынын бири кызмат көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз келүүлөрү үчүн чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз миграцияны уюштурушуп, мамлекеттик органдарга жалган маалыматты беришип, Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамынын талаптарын одоно бузушкан. Анын натыйжасында оор кылмыш жасалып (банкты тоноого) жана оор кесепеттерге алып келген.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 122-беренеси (Тышкы миграцияны мыйзамсыз уюштуруу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш  жүргүзүлүүдө.

Андан сырткары, Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин бири  миграциялык мыйзамды бир нече жолу бузгандыгы аныкталып,  ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүүдө.

Мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, 2020-жыл үчүн республиканын жогорку окуу жайларында 15 миңден ашык чет өлкөлүк студенттер окууда.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет, Кыргыз Республикасынын  “Тышкы миграцияны  уюштуруу”  Мыйзамына (Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жокторду чакырган жарандардын  жана юридикалык жактардын милдеттери) ылайык, чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жокторду Кыргыз Республикасына чакырган жарандар жана юридикалык жактар жана уюштурууга катышкандар аларга укуктары менен милдеттери жөнүндө өз убагында түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.  Ошондой эле, алардын Кыргыз Республикасына келүүлөрү, республиканын аймагында жүрүүлөрү жана келүү убактылары аяктаганга чейин  өз убагында документтерди каттоо жана даярдап берүү үчүн чараларды көрүү керек.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын  “Тышкы миграцияны  уюштуруу”  Мыйзамынын 61-беренесине ылайык,  жогорудагы Мыйзамдын 25-беренесиндеги талаптарды аткарбоо учурда Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жокторду чакырган жарандар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-bishkektegi-universitetterdin-biri-chet-eldikter-chn-myjzamsyz-migraciya-uyushturgan



Добавить комментарий