ИИМ: Абакта жатып ири суммадагы акча таап, кылмыштуу чөйрөнү каржылап турган топ кармалды

18 январь 2021 15:19 2695 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Абакта жатып ири суммадагы акчаларды таап, каражаттарын кылмыштуу топтун зарылчылыгына керектеп которуп турган топ аныкталды.  “Общактан” жүз миң сомдон ашык  жана бир нече миң доллар акча каражаты табылып алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

КЖБРге катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында  ведомстволор аралык топ Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 215-беренесинин 1-бөлүмү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

“Жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында эркиндигинен ажыратылган жайда криминалдык статуска ээ жана кылмыштуу аракеттерге тиешеси барлардын өздүгү аныкталды.

Соттолгон 1992-жылы туулган К.Э., 1987-жылы туулган Т.Р. аттуу жарандар аныкталып, алар учурда ЖАМКтын мекемелеринин биринде жазаларын өтөөдө. Эркиндигинен ажыратылган жайда жогоруда көрсөтүлгөн жарандар “положенец”  жана “смотрящий” криминалдык статустарга ээ. Алынган маалыматтарга караганда алар көп убакыттан бери соттолгон адамдардан опуза талап кылып, алдамчылык,   баңгизаттарды сатуу, андан сырткары жазаларды өтөө мекеменин ичинде, анын сыртында азарттык оюндарды өткөрүү менен алектенип жүрүшкөн. Топтолгон каражаттар “общактардык эсебине” жөнөтүлүп турган.

Кылмыштуу жол менен түшкөн акча каражаттары “Элсом” мобилдик тиркемеси менен келип түшүп турган.  Андан соң бул акча каражаттар кылмыштуу зарылчылыктарга бөлүнүп коротулуп турган.  Кылмыштуу топтун активдүү үч мүчөсү аныкталып,  алардан “общакка” деген акча каражаты табылып алынды.  Алар мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу жолдору менен алектенип жүрүшкөн. Кармалгандардын ичинде аял кишилер дагы бар.

Фигуранттардын жашаган жери боюнча издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 297 000 сом жана 8200 АКШ доллары табылды. Болжолдуу маалымат боюнча бул эсепте миллион сомдон  ашык акча каражаты болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Кылмыштуу кирешелерге каршы аракеттенүүгө багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-abakta-zhatyp-iri-summadagy-akcha-taap-kylmyshtuu-chjrn-karzhylap-turgan-top-karmaldy



Добавить комментарий