Ош облусундагы ИИБ кызматкерлеринин саламаттыгы дайыма көзөмөлдө

6 май 2020 17:20 1505 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын медицина кызматкерлери Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында жайгашкан бардык укук коргоо органдарынын саламаттыгына кам көрүшүп, алдын алуу иш чараларын жүргүзүп келишет. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

"Дарыгер-кызматкерлер Айгүл Кожошева менен Руфина Матажиева Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин саламаттыгын текшерүү, коркунучтуу илдеттердин алдын алуу боюнча республика аймагына карантиндик абал киргизилген күндөн тартып кызмат өтөп келүүдө. Алар кызматка келген кызматкерлердин арасында жеке коопсуздук боюнча түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүшөт, кан басымдарын, дене табын текшеришет. Керек учурда тез жардам көрсөтүүгө даяр турушат", - деп айтылат маалыматта.

Андыктан маалымат кызматы аларга рахмат айтат.

Ссылка: https://barometr.kg/ichki-ishter-organdarynyn-kyzmatkerlerinin-den-sooluguna-kam-krgn-ak-halatchan-asker-darygerler



Добавить комментарий