Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Кореянын элчиси Ха Тэ Ё менен жолугушту
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдар жана ыйгарымдуу Элчиси Ха Тэ Ё менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча эки өлкөнүн кийинки кызматташууларын бекемдөө жана Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелер талкууланды.
Курсан Асанов жолугушууда ички иштер министрлиги Корея Республикасынын полициясынын иш-тажрыйбасын терең изилдөөгө кызыкдар экендигин белгиледи.
Ошондой эле, көп жылдардан берки пайда болгон жылуу мамиле эки тараптуу кызматташууну бекемдеп, өнүктүрүүгө түрткү берет деп ишенимин билдирди.
Добавить комментарий ×