Ички иштер министринин орун басары Атамбаевди суракка ала алган жок

22 июль 2019 17:21 6815 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Кой-Таш айлындагы Элдик штабга барып мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинде күбө катары суракка алууга аракет кылды.  

Бирок Атамбаевдин ордуна КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Джолдубаева чыкты. Ал Атамбаев Жогорку Кеңештин аны экс-президент статусунан ажыратуу тууралуу токтому мыйзамсыз деп эсептерин түшүндүрдү. Джолдубаева токтомдун үстүнөн Жогорку соттун Конституциялык палатасына арызданганын айтты.  

Каниметов ушундан кийин Атамбаев менен жолукпастан кайра кайтты.   

Атамбаевге карата тергөөнүн мындан аркы аракети тууралуу басма сөздүн суроосуна Каниметов бул ишти тергөөчү чече турганын айтып жооп узатты.  

Ссылка: https://barometr.kg/ichki-ishter-ministrinin-orun-basary-atambaevdi-surakka-ala-algan-zhok



Добавить комментарий