Ички иштер министиринин жаңы орун басары Памир Асанов тууралуу толук маалымат

15 август 2019 21:21 1360 Улукман Бейшеналиев
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары,  милициянын полковниги Асанов  Памирбек Джумалиевич тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын полковниги Асанов  Памирбек Джумалиевич, 1964-жылы Чүй облусунун Жайыл районунун Полтовка айылында туулган. 

Билими жогорку. Кесиби юрист. 

1990-жылы СССРдин ИИМдин Волгоград  Жогорку тергөө мектебин аяктаган.
1982-1985-жылдары Мурманск облусунун Североморск шаарындагы Аскердик деңиз флотунда кызматта, бөлүмдүн командири.
1986-1990-жылдары СССРдин ИИМдин Жогорку тергөө мектебинин курсанты,
1990-1992-жылдары Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын ИИБнын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү.
1992-жылы  Чүй облусунун Калинин РИИБдин  тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү.
1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүгүнүн тергөөчүсү.
1993-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө башкармалыгынын Экономика жана коррупция чөйрөсүндөгү кылмыштарды иликтөө боюнча бөлүмдүн тергөөчүсү.
1993-1994-жылдары Чүй облусунун Жайыл РИИБдин ЭКККБдын башчысынын орун басары.
1994-1995-жылдары Чүй облусунун Жайыл РИИБдин ЭКККБдын башчысы.
1995-1997-жылдары Чүй облусунун Жайыл РИИБдин ЭКККБдын ыкчам ыйгарымдуу өкүлү.
1997-1998-жылдары Чүй ОИИБдин тергөө бөлүмүнүн Экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарды иликтөө боюнча бөлүмчөнүн башчысы.
1998-1999-жылдары Чүй ОИИБдин ЭКККБнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам ыйгарымдуу өкүлү.
1999-2000-жылдары Чүй ОИИБдин ЭКККБнын ыкчам ыйгарымдуу өкүлү.
2000-жылы  Чүй ОИИБдин ЭКККБнын ага ыкчам ыйгарымдуу өкүлү.
2000-2003-Чүй облусунун Сокулук РИИБдин башчысынын иликтөө боюнча орун басары.
2003-2005-жылдары Бишкек ШИИБдин Тергөө бөлүмүнүн башчысы.
2005-жылы Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары, ал Бишкек ШИИБдин Тергөө бөлүмүнүн башчысы.
2005-2008-жылдары Чүй ОИИБдин башчысынын орун басары, ал Чүй ОИИБдин Тергөө бөлүмүнүн башчысы.
2008-жылы Чүй ОИИБдин иликтөө боюнча башчысынын орун басары.
2008-2010-жылдары Ош ШИИБдин иликтөө боюнча башчысынын орун басары.
2010-2011- жылдары Ош ШИИБдин башчысы.
2011-2016-жылдары Бишкек ШИИББдин иликтөө боюнча башчысынын орун басары, ал Бишкек ШИИББдин тергөө бөлүмүнүн башчысы.
2016-2017-жылдары Бишкек ШИИББдин иликтөө боюнча башчысынын орун басары, ал Бишкек ШИИББдин тергөө бөлүмүнүн башчысы (Бишкек шаарынын Биринчи май районунун чечими менен кайрадан кызмат ордуна дайындалган 20.06.2016-ж..)
2017-2018-жылдары Бишкек ШИИББдин карамагында (штаттык уюштуручулук кыскарууга байланыштуу).
2018-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Тергөө кызматынын (башкы башкармалыктын укугунда) башчысы

2019-жылдын 13-августтунда Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.


Белгилеп кетүү керек, Ош шаарындагы 2010-жылдагы июнь окуяларында массалык тартипсиздикти, өлтүрүүнү, бейбаштыкты иликтөө жана ага тиешеси бар шектүүлөрдү  тактоо боюнча ведомстволор аралык ыкчам тергөө бригадасынын жетекчиси болгон. Сентябрда Ош ШИИБдин башчысы болгондо Ош шаарынын жашоочуларынын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо боюнча иштерди башкарган. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын УКМКсы менен  улуттар аралык чыр-чатакты улантууну каалашкан сепаратисттерди аныктоо жана кармоо боюнча бирдиктүү операцияны жүргүзгөн. 

Ссылка: https://barometr.kg/ichki-ishter-ministirinin-zhay-orun-basary-pamir-asanov-tuuraluu-maalymat



Добавить комментарий