Ич кийимчен ырдап чыккан кыз анын дарегине коркутууларды жазгандардын үстүнөн арыз жазды
Ич кийимчен клипке тартылып, Кыргызстанды дүң кылган Зере кыз ага карата коркутуп, үркүтүүлөр болуп жаткандыгын айтып, алардын атына арыз жазды. Коомдун талкуусуна айланып, клип чыккандан бери ал кыздын адресине ар кандай коркутуп жазган билдирүүлөр келип жаткандыгын айтты.
“Негативди көңүлүмө албайм, бирок өмүрүмө коркунуч келтирген билдирүүлөрдү жазгандарга көңүл бөлбөй коюу мүмкүн эмес. Мен милицияга арыз жаздым. Адамдар жөнөкөй билдирүү үчүн да жоопко тартыларын билип жүрүшү керектигин эске салгым келди. Мындай коркутуулардан запкы жеген адамдар эмне кылуусун билүүсү абзел. Мени колдогондорго ыраазычылык билдирем. Мага коркутууларды жазып жөнөткөн адамдар тууралуу маалыматты милиция кызматкерлерине бердим. Силерден сураныч, өз алдынча жоопко тартуудан кармангыла”-деп билдирди.
Ал эми бул иш боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы, материалдарды иликтөө боюнча тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилгендиги айтылды.
Добавить комментарий ×