Ич кийим жана ден соолук
Ич кийим десе эле, жарашыгына, көрүнүшүнө карап тандоо туура эмес. Анын ден соолукка пайдасы-зыяны тууралуу да ойлоно жүрүү туура. Учурда ич кийимдердин ар кандай түрүн көрүп, кээ бирин кийгенден да коркосуң. Синтетикалык ич кийим дайыма гинекологиялык оорууларды алып келет. Анткени, синтетика терини кычыштырып, оорууну күчөтүп жиберет.
Стринг (жипче ич кийим) - циститке алып келет.
Иликтөөлөргө таяна турган болсок, стринг кийгенди жактырган айымдар заара ушатууда кыйналышат. Себеби, жип сыяктуу ичке кездеме айымдардын жыныстык мүчөсүн жабыркатат. Ошондуктан, мындай ич кийимди дайыма кийип жүрүү ден соолукка зыян;
Кыска шым сыяктуу ич кийим варикоз оорусуна зыян
Мындай ич кийимдер жамбашты катуу кармаганы менен, санды кысып салып, тамырлардын көөп кетишине алып келет.
Денени кыскан ич кийим тукумсуздукка алып келет
Айымдар үчүн денени кыскан ич кийим абдан зыян. Андай ич кийим денени кысып, уруктуктагы канды кармап, жана жатын оорууларына, акырындык менен тукумсуздукка да алып келет. Ошондуктан, ич кийимди өзүңүздүн денеңизге карап, чагын гана алыңыз.
Ич кийимди кийүүдө төмөнкү нерселерге көңүл бура жүрүү керек:
ич кийимдин кездемесине;
өлчөмүнө;
тигилишине.
Чоң-чоң фирмалардын ич кийимдерин кийгенге не жетсин. Алар илимдин негизинде гана тигишет. Базарларда үйүлүп жаткан, жердеги ич кийимдердин баары, биз жогоруда айтып кеткен ооруууларды чакырат.
Ич кийим тууралуу кызыктар:
1913-жылга чейин эмчек каптар жок болгон. Mary Phelps Jacob эки бетаарчыны байлап төшүнө тартып алгандан кийин, 1928-жылы гана азыркы айымдар тарттырып жүргөн эмчек кап тигилген.
Салт боюнча Жаңы Жыл күнү, Италиялыктар кызыл, Аргентиналыктар күлгүн, а Бразилиялыктар болсо жөн гана жаңы ич кийимдерди кийишет.
1935-жылы классикалык үлгүдөгү ич кийимдер чыккан. (трусы)
1990-жылдары Бразилияда байлама ич кийимдер мода болгон.
1991-жылдары АКШнын айымдарынын төш өлчөмдөрүнүн орточосу 34B (3-3,5) болсо, азыркы күндө 36B (2).
6. Эркектердин 41 пайызы бош ич кийимди жакшы көрүшөт
Эмчек кап эмне дейт?
Эмчек кап жөнүндө сөз кыла турган болсок, кичине төштүү айымдар "пуш-ап" эмчек кабын кийсе, төштү жакшы көтөрөт. Бир жаман жери, төштү жасалма көрсөтүп коңт. Мындай эмчек капты дайыма тагынып жүрүү ден соолукка зыян.
- Чоң төштүү айымдар төштү толук жаба турган эмчек каптарды кийиш керек.
Ссылка: https://barometr.kg/ich-kijim-zhana-den-sooluk
Добавить комментарий ×