Ибраим Нуракун уулу: Жогорку Кеңештин кийинки кезексиз жыйыны тууралуу маселе көтөрүлүп жатат
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңешти кийинки кезексиз жыйынга чогултуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат бөлүмүнүн башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
“Жогорку Кеңештин кийинки кезексиз жыйынын өткөрүү боюнча фракция лидерлери менен консультациялар өткөрүлүүдө. Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев бүгүн Жогорку Кеңештин имаратын кыдырып чыкты. Азырынча, ал жерде залдар жыйын өткөрүүгө жараксыз. Жогорку Кеңештин Аппараты жана иш башкармалыгынын кызматкерлери өз ишин кайрадан калыбына келтирүү аракетин баштады”, -деп айтылат билдирүүдө.
Добавить комментарий ×