Ибраим Нуракун уулу: Депутаттардын портретин тартып жатканда боёктор ботко болуп кетет

28 сентябрь 2020 16:59 1146 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу кезектеги шайлоо жана жаңы шайлана турган депутаттар тууралуу оюн айтты. Бул тууралуу журналисттин  фейсбук баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Эмне үчүн шайлоо алдында чечендер көп, ал эми шайлоодон кийин эле "балыктар"  басымдуулук кылып кетет?

Алтынчы чакырылыштын депутаттарын, жеке көз карашымда, партияларга бөлүп кароо бир аз жаңылыштык. Аларда социалдык топторго бөлүнүү күчтүүрөөк экени байкалат. Мисалы, бизнесмендер, спортсмендер, аялдар, бийликчилдер, оппозициячылар, унчукпастар, чечендер, тажрыйбалуулар, жаштар, арасында жалгыз карышкырлары да бар.

Жогорку Кеңештин депутатын сындоо эң оңой. Себеби, андан аткарылбаган убадаларды сөзсүз тапса болот. Эң эле ачык иштеген бийлик бутагы.  Парламентчилер өздөрүн кемсинтип жатса да, бирөө-жарымы барып сотко арызданып, жазалагысы келбейт. Аткени бул жамааттык орган. "Эң негизгиси өзүмдүн эл-журтум, Кудай алдында жүзүм жарык. Башкалар жөнүндө эмне десе, ошо десин, тээтиги пресс-служба жооп бере берсин", - дегендей мамиле кылышат. Кызыгы, 120сы тең ошентип ойлойт.

Башыман өткөн окуяны мисал келтире кетейин.  Бир жолу, "олигарх" дегендердин бири кабинетине чакырып калды. Барсам, өзү жөнүндө пикиримди билгиси келиптир. "Сиз эми балык депутаттардын катарына киресиз. Такыр көрүнбөйсүз, сүйлөбөйсүз. Сиздин айыңыздан бүт парламенттин аброю түшүп турат", - деп, кыйынсынып койдум. Ал болсо, мага жылмайып, токтоо үн менен: "Балам, элге кызмат кылуу деген эмне экенин билесиңби? Менин колумда миңге жакын сага окшош адам иштейт. Мындайча айтканда, миң үй-бүлөнү жумуш, айлык менен камсыздайм. Андан тышкары, Кудайдын куттуу күнү бирөөлөргө силердей болуп микрофондон бакылдабай эле кайырымдуулук кылам.  Байлыкты мен маңдай терим менен таптым. Элим сүйлөгөнүм үчүн эмес, ишим үчүн колдойт. Керек болсо, кийинки парламентке деле келем", - деп, сылык-сыпаа узатып койгон эле. Ошондон кийин бизнесмен депутаттарга доомат кылбас болгом.  Аларды жек көрөрдөн мурда, мен өзүм эмне кылдым, канча адамга каралаштым? - дегенчелик чечилбес суроо пайда болот да турат.  Бирок, баары бир депутаттык бул жалаң бай адамдар олтура турган төр деп эсептебейм. Бул жер көз караштардын талаш-тартыштары басылбай, сүйлөп, сүйлөшүп, элдин үнүн угузуп тура турган ордо деп ойлойм.

Жогорку Кеңештин депутатынын портретин тартып жатканда боёктор, тим эле, ботко болуп кетет. 

Андыктан, депутаттыкка талапкерлерди эмитеден эле шылдыңдабай, рекламаларын, дебаттарын көрүп, программаларын окуп-талкуулап, жыйындарына катышып, ой-пикирлерибизди, сунуштарыбызды айтып турууга үндөйт элем. Биздин добуш сыяктуу эле, пикирлерибиз дагы эл өкүлүн жаратууда чечүүчү күчкө ээ.  Аларды тандаган өзүбүз. Ишенген да, колдогон да, жакшы көргөн да, жаман көргөн да өзүбүз. Чакырылыштардын баары ушундай. Жетинчи чакырылыш да болжолу менен ушундай эле болот”, -деген оюн айтты журналист Ибраим Нуракун уулу

Ссылка: https://barometr.kg/ibraim-nurakun-uulu-deputattardyn-portretin-tartyp-zhatkanda-boyoktor-tim-ele-botko-bolup-ketet



Добавить комментарий