Ибраим Нуракун уулу 10-октябрдагы депутаттардын кезексиз жыйынындагы тизмесин жарыялады

12 октябрь 2020 17:07 1377 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Ибраим Нуракун уулу 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясына келген депуттардын тизмесин жарыялады.

Бул документ Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлоо учурунда депутаттардын Конституцияга ылайык жетиштүү санда чогулган эмес деген сөздөргө далил катары жарыяланып жатканы белгилүү болду.

“ЖКнын 10-октябрдагы кезексиз жыйынына келген жана ишеним кат берген депутаттардын тизмеси. Аппараттын кызматкерлери каттаган. Сиздердин талап боюнча жарыялоого туура келип жатат”, -деп айтылат маалыматта.

Документте жыйынга жалпысынан 54 депутат катталганы, алардын ону ишеним кат жазып беришкени көрүнүп турат. Бирок, жыйынга катышуудан баш тартып Аида Касымалиева кетип калгандыктан 63 эл өкүлү катышканы маалым болгон.

Эскерте кетсек, кезексиз жыйында спикер Мыктыбек Абдылдаев кворум бар экенин жарыялаган.

Ссылка: https://barometr.kg/ibraim-nurakun-uulu-10-oktyabrdagy-deputattardyn-kezeksiz-zhyjynyndagy-tizmesin-zharyyalady



Добавить комментарий