Ханзаада Гарри менен Меган Маркл британдыктарга карызын кайтарып беришти

8 сентябрь 2020 11:12 798 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Принц Гарри жубайы Меган Маркл менен бирге Фрогмор коттеджин оңдоп-түзөөгө кеткен 2,4 миллион фунт стерлингти Британдыктарга кайтарып беришти. Фрогмор жубайлардын Британиядагы резиденциясы болчу. Бул тууралуу Daily Mail агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Сассекс герцогунун өкүлү Гарри төлөмдөрү 2020-жылдын апрелинде баштаган, бүгүнкү күндө сумманы толугу менен төлөп бергендигин тастыктады. Акча Британиянын салык төлөөчүлөрүнүн кысымы астында кайтарылып берилип, окуяны "оор жеңиш" деп аташты. Активисттердин айтымында, Гарри менен Меган бардык чыгымдарын бир аз убакыттан кийин эмес, падышанын үй-бүлөсүнөн кеткенден кийин, мамлекеттин эсебинен толтурушу керек эле.

Түгөйлөр карызын Netflix менен түзүлгөн 150 миллион долларлык келишимден кийин төлөнгөн. Келишим жубайларга ар кандай тасмаларды жана программаларды тартууга мүмкүндүк берет, анын ичинде болжолдуу түрдө Диана ханбийке жөнүндө кино тартылат деп айтылууда. Бул үчүн түгөйлөр продюсердик компания ачмакчы.

2018-жылы принц Гарри жана Меган Маркл үйлөнгөндөн кийин Виндзордогу Фрогмор коттеджин оңдоп, уулу Арчи менен ошол жерде калууну көздөшкөн. Үйдүн өзү 1680-жылы Карл II тарабынан курулган жана 1792-жылдан бери падышанын резиденциясы болгон. Жаш үй-бүлө барган учурда  коттедж аянычтуу абалда болгондуктан ал жерде ири реконструкция жүргүзүлүшү керек болчу. Гарри менен Меган андан кийин Калифорнияга көчүп келишкенине карабастан, Фрогмор Улуу Британиядагы резиденциясы бойдон калган.

Ссылка: https://barometr.kg/hanzaada-garri-menen-megan-markl-kottedzhge-ketken-24-million-funt-sterlingti-britandyktarga-kajtaryp-berishti



Добавить комментарий