Хабиб Нурмагомедовдун атасы оор абалда ооруканада – видео
Бөлүшүү:
UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов атасы учурда оор абалда ооруканада экенин видео кайрылуу аркылуу билдирди.
“Атам азыр ооруканада. Абалы өтө оор. Азыркы вирус анын жүрөгүнө дагы берди. Себеп дегенде бир жыл мурда жүрөгүн операция жасатканбыз. Азыр кайрадан операция жасаттык. Андыктан абалы өтө оор. Жазып, колдоп жаткардын бардыгына ыраазычылык айтам”, — деди ал.
Абдулманап Нурмагомедов 25-апрелде пневмониеге шектелип ооруканага жаткырылган. Кийин ал ИВЛ аппаратына кошулганы дагы кабарланган.
Ссылка: https://barometr.kg/habib-nurmagomedovdun-atasy-oor-abalda-oorukanada-video
Добавить комментарий ×