Хабиб Фергюсонго тап берип, жерге койгон курун тээп салды – видео
Бөлүшүү:
UFC Хабиб Нурмагомедов каршылашы Тони Фергюсон менен беттеш алдында күйөрмандарынын алдында көз караштар таймашына чыкты. Бирок алардын жолугушуусу өтө чыңалган абалда өттү.
Бири-бирине тике караган мушкерлер аз жерде жулмалашып мушташып да кете жаздады.
Фергюсон Хабибге курун жерге кой дегендей ишарат берип, өзү курун жерге койду. Бул учурда Хабиб атаандашына бир нерселерди айтып, жерде курун тээп салды. Залдагы көрүүчүлөр катуу кыйкырып мушкерди колдогон таасир калтырды.
Мушкерлер 19-апрелде UFC 249 турниринин алкагында беттешет.
Ссылка: https://barometr.kg/habib-fergyusongo-tap-berip-zherge-kojgon-kurun-teep-saldy-video
Добавить комментарий ×