Апасы сыймыктуу жылмайып. Шевченкону Кыргызстан салтанаттуу тосуп алды

15 июнь 2022 11:06 7826 Barometr
Бөлүшүү:
ok

UFC уюмунун жети жолку  чемпиону, ажарлуу мушкер Валентина Шевченкону күйөрмандары кучак толо гүл менен аэропорттон тосуп алды. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Мушкер Валентина Шевченко бүгүн, 15-июнь таңга жуук Кыргызстанга учуп келди. Шевченко аэропорттон чемпиондук курун бийик көтөрүп, сыймык менен күйөрмандарына жолукту. Аны Манас аэропортунан апасы, жакындары, күйөрмандары тосуп алышты.

Шевченко менен бирге машыктыруучусу Павел Федотов, эжеси Антонина Шевченко дагы келди.

Эске сала кетсек, 12-июнда Сингапурда өткөн "UFC 275" турниринде кыргыз мушкери Валентина Шевченко жетинчи жолу чемпиондук наамын коргогон. Ал бул беттеште бразилиялык Таила Сантос аттуу мушкер менен кез келип, калыстардын баасы менен жеңүүчү аталган.





Ссылка: https://barometr.kg/apasy-syjmyktuu-zhylmajyp-shevchenkonu-kyrgyzstan-saltanattuu-tosup-aldy



Добавить комментарий