H5N6: Кытайда куш тумоосунун жаңы түрү менен ооругандар көбөйдү
Кытайда жогорку өлүм көрсөткүчүнө алып келген куш тумоосунун жаңы штаммы менен ооругандардын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу Reuters булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
H5N6 куш тумоосу 21 адамга жуккан учур катталган.Оору жуктуруп алгандардын көбүнүн абалы начар жана алты адам каза тапты. Алардын көбү үй канаттууларын баккандан кийин ооруну жуктурушкан. Бактыга карай вирустун адамдан адамга жуккан учуру каттала элек.
“Кытайда бул оору менен ооруган учурлар көбөйгөнү тынчсызданууну пайда кылат. Бул вирус жогорку өлүм көрсөткүчүнө алып келет”,-деп айтты Роттердамдагы Эразмус университетинин салыштырма патология медициналык борборунун профессору Тийс Куикен.
Ошол эле маалда Кытайдын ооруларды көзөмөлдөө жана профилактика борборунун изилдөөсүндө H5N6 тумоосунун генетикалык көп түрдүүлүгү канаттуулар чарбасы менен адамдын ден соолугуна олуттуу зыян алып келери айтылды.
Ссылка: https://barometr.kg/h5n6-kytajda-kush-tumoosunun-zhay-tr-menen-oorugandar-kbjd
Добавить комментарий ×