Гулуасал Садырбаева: Ысык-Көлдө сууга чөккөн балдар, кайдыгерликтин курмандыгы болушкан

25 август 2018 00:10 1290 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты маркум Дооронбек Садырбаевдин карындашы Гулуасал Садырбаева Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларында  коноктор үчүн  коопсуздуктун сакталбагагандыгы, кайдыгерлик мамиле тууралуу өзүнүн интернтеттеги баракчасы аркылуу жазып чыкты.  Анда мурдагы депутат Алтын кум (Золотые кески) понсионатына эс алууга барып көл жээигндеги сууга чөгүп кеткен балага болгон мамиледен улам каңырыгы түтөп, "кайран сууга чөгүп кыйылган жаш өмүрлөр кайдыгерликтин курмандыгы болушкан турбайбы" деген ойго келгенин жазган.   

Ал: “16-август күнү түш оогондо жаныбызда эле сууга түшүп жаткан, жашы кырктар чамасындагы, олбурлуу бала чөгүп кетти. Кудай жалгап Томск шаарынан келген Гена деген турист бала сууга эки жолу кирип таап чыкты. Бир топ балдардын жардамы менен жээке чыгарышса, тирүү экендигинде кыпындай да белги жок. Биринчи жардамды көрсөтүшүп, жарым сааттан ашык убара тартышты. Ошондо да Казакстандан келген орус улутундагы жаран оозуна үйлөп жатып, кичине өзүнө келди. Чакырылган тез жардам машинасы кырк мүнөттөн кийин келди, эки медайым келип  ийне сайганы калышты, сумкасында кебез жок экен, бири бинттин четинен айрып берип, спирт менен сүрттү. Ага чейин сумка асынган бир бала жардам берип жүргөн. Мен куткаруучулар жокпу, понсионаттын ээси ким деген суроолорума, экөө тең менмин деп жооп берип жаткан, мени тааныган бирөө кулагына шыбырап койду окшойт, акырын жылып качып кетти” дейт. 

Муну менен Садырбаева ошончо чоң жайда куткаруучулардын жоктугу, сууда коопсуздук чек арага белги коюлбагандыгы Өкмөт тарабынан комиссия түзүп, ар бир понсионаттын сезонго даярдыгын текшеришпесе, канчалаган эс алуучуларыбыз бейажал кете берсе жакшы эмес деп эскертет.

Ссылка: https://barometr.kg/guluasal-sadyrbaeva-ysyk-kld-suuga-chkkn-baldar-kajdygerliktin-kurmandygy-bolushkan



Добавить комментарий