«Семетей» пунктунда талаа госпиталы орнотулду (Сүрөт)

7 июль 2020 12:37 706 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Семетей» пунктунда талаа госпиталы орнотулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Госпитилизация катары иштеп жаткан «Семетей» пунктунда кошумча талаа госпиталы орнотулду (мурдагы «Ганси» авиабазасы).

Анда 10 дарыгер жана көмөкчүлөр иштешет. Госпиталдын түзүлүшү 3 бөлүмдөн турат: операция блогу, кароочу бөлүм жана материалдык балуулуктарды сактоочу бөлмө. Алардын ар бирин 10 мүнөттүн ичинде жая салууга болот.

Операция блогунда бир мезгилде 2 адамга операция жасоого жана стационардык дарыланууга муктаж 30 адамды тейлөөгө мүмкүн. Ыкчам талаа госпиталы 10 күнгө чейин жабдуусуз, автономиялык түрдө иштей алат. Медициналык каражаттарды тиешелүү мамлекеттик орган камсыздайт.

Ссылка: https://barometr.kg/gospitilizaciya-katary-ishtep-zhatkan-semetej-punktunda-talaa-gospitaly-ornotuldu



Добавить комментарий