Google АКШда шайлоо алдында издөө тилкесине чек койот

11 сентябрь 2020 16:47 700 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Google компаниясы АКШдагы шайлоонун алдында издөө тилкесине автотолтурууга чек коюларын билдирди. Бул тууралуу 10-сентябрда Google компаниясы өзүнүн блогуна калтырган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

«Биз белгилүү бир талапкерге же саясий партияга каршы же ага колдоо көрсөткөн жактарды жок кылабыз. Ошондой эле шайлоого катышуу тууралуу оюн айткан саясий билдирүүлөргө да чек койобуз », - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Google колдонуучуларга шайлоонун легитимдүүлүгүнө жана алардын коопсуздугуна байланышкан сөздөрдү издөөнү сунуш кылбайт.

"Иш жүзүндө, “телефон аркылуу добуш берсе болобу” деген сыяктуу сүйлөмдөр же кайсы бир партияга же талапкерге" кайрымдуулук кылуу "деген сөздөрдөн башталган божомолдор автотолтурууда пайда болбошу керек дегенди билдирет", - деп түшүндүрүштү компания.

Жарыяланган билдирүүдө колдонуучулар издөө тутумунун айткандарына карабастан, каалаган нерсесин издөө мүмкүнчүлүгүнө ээ экени белгиленет.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт.

2-сентябрда Google компаниясы Россиянын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн салынган 1,5 миллион рубль айып пул төлөдү. Август айында издөө тутуму, издөө чыпкалоо боюнча милдеттенмелерин бир нече жолу бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Жарлык 7-августта күчүнө кирди, айып пулдарды төлөө мөөнөтү 4-сентябрда аяктаган.

Ссылка: https://barometr.kg/google-akshda-shajloo-aldynda-izd-tilkesine-chek-kojot



Добавить комментарий