Гүлзат Мамытбек жеке концерт берээрин сүйүнчүлөдү: "Тамак, билет, дискотека бекер болот"

12 июнь 2019 15:10 4130 1 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Өзүн кыргыздын демимин деп атаган саентолог, алып баруучу жана жеке ишкер Гүлзат Мамытбек “Мен номер 1мин” деген аталыштагы жеке концерин берүү алдында турат. Бул тууралуу ырчы Barometr.kg редакциясына берген маегинде айтып берди.

-Саламатсызбы Гүлзат. Даярдыктар кандай болуп жатат?

- “Мен номер 1мин” (Я номер один) деген аталыштагы жеке концертиме даярдык кызуу болуп жатат. Буюрса келген коноктордун баары ыраазы болуп кетишет.

-Концерт берүү идеясы кантип жаралып калды?

- Концерт берүү идеясын мага дизайнер Алим Серебров деген жигит сунуштады. Келип эле Гүлзат эже сиз жеке концерт бергенге даярсыз, кеттик биз сиздин командаңыз болобуз деп жардам берди. Ошентип сонун команда болуп иштеп жатабыз.

-Сизди коштоп башка эстрада жылдыздары да келеби?

- Ооба, казак элинин алтын үн ырчысы Кайрат Тунтеков келет. Тунтековду Казакстандын Майкл Джексону деп коюшат, мыкты ырдайт. Аны казактар аябай жакшы көрүшөт.

-Жалпы канча ыр аткарасыз?

- Жалпы 10 ыр аткарам, учурда өзүмдү даяр ырдап жүргөн 6 ырым бар. Калган 4 ыр жазылып жатат. Концертке чейин алар да даяр болуп калат.

-Ар бир ырчы өзгөчө болсом деп аракет кылат эмеспи, сиздин концертиңиздин өзгөчөлүгү эмнеде деп айта аласыз?

- Менин концертимдин өзгөчөлүгү 10 миң кишиге арналган флешмоб болот. Азия Молл соода борборунун кире беришинде өткөрөбүз. Спонсорлор тарабынан ар бир келген конокко бекер тамак да таратылат.

-Ырларыңызды эл кандай кабыл алып жатат деп ойлойсуз?

- Ырларымды эл абдан сонун кабыл алып жатат. “Кыргызым менин” деген ырым жарым жылдын ичинде жарым миллиондон ашык көрүү топтоптур, бул өтө чоң жетишкендик деп ойлойм. Эл мени көрбөсө, укпаса мынчалык популярдуу болмок эмес. Ютуб каналымдагы катталуучуларымдын саны 30 000 ге эле жетет экен а көрүүлө жарым миллиондон ашты.

-Терс пикир билдиргендерге эмне дейт элеңиз?

- Мен аларга ушунуңардан жазьагыла дейт элем. Хейтерлер терс пикир билдирип, мени сүйлөгөн сайын мен таанылам. “Черный пиар – тоже пиар” деген сөз бар эмеспи, мени таанымал кылып жаткан дагы дал ошол терс пикир.

-Билеттер канча сомдон сатылып жатат же соодо борборунда болсо концерт бекер болобу?

- Билеттер сатылбайт. Концерттин дагы бир өзгөчөлүгү ал жакта эч нерсе сатылбайт. Баары бекер болот. Билет бекер, тамак бекер, дискотека бекер. Баары жаштар үчүн, кыргыз элим үчүн.

-Ырдап чыкканыңызды эстрада жылдыздары кандай кабыл алышууда?

- Биз аябай ынтымактуу элбиз, мени кыргыздын ар бир эстрада ырчысы колдоп жакшы пикирлерин билдирип жатат. Баары жакшы кабыл алып, ынтымакташып эле келе жатабыз.

-Концертке жолдошуңуз Хуан мырза, балдарыңыз келишеби?

- Албетте балдарым, ата-энем, тууган уругум, жердештерим, жоро жолдошторум баары келет. Ал эми Хуан мырза боло келе албай калатго деп ойлоп жатабыз. Анткени ал азыр чоң проект баштап Испания менен Эквадордун ортосунда жүрөт.

Үй-бүлөлүк маселелериңиз чечилдиби?

- Ооба, үй-булөлүк маселелерим чечилди. Баары жакшы.

Маегиңизге чоң рахмат!

Маек берип жатып Гүлзат Мамытбек өзүнүн концерти тууралуу ар бир кыргыз өзүнүн чөйрөсүндө номер 1 болууга умтулушу керек экенин кошумчалады.

“Ал эми мен планета боюнча номер 1-деп берүүчү болом”, -дейт ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/glzat-mamytbek-zheke-koncert-bereerin-sjnchld-tamak-bilet-diskoteka-beker-bolot



Добавить комментарий