Гүлзада Рыскулова: Бири бирибизди кемсинтпейли

29 июнь 2021 14:46 11101 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Гүлзада Рыскулова өзүнүн дүйнө, өмүр тууралуу ой толгоолорун бөлүшүп, буга байланыштуу клипти социалдык баракчасына жүктөдү.

“Кудай алдында баарыбыз пендебиз. Эч ким ашыкча дүйнөсүн бул дуйнөдөн алып кете албайт. Бизге чейинкилер да кара топурака айланган. Биз да келебиз, кетебиз. Өмүр бир көз ирмем, эч кимден эч ким өйдө боло албайт. Баарыбызга суу, аба, өмүр берилген. Бири бирибизди кемсинтпейли”,-деп жазды ырчы.

Эскерте кетсек, Гүлзада Рыскулова 1980-жылы 14-мартта Ош облусундагы Өзгөн районунун Чымбай айылында туулган. «Мен кыргыздын кызымын», «Курманбек», «Жер эне», «Тээ алыстан», «Толгонуу», «Ынтымак ыры» жана башка ырлары менен элге таанылган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/glzada-ryskulova-biri-biribizdi-kemsintpejli



Добавить комментарий