Гүлнур Асанова "рак" менен ооруйбу?- дегендерге ырчы ачыгын айтты

1 январь 2019 11:22 11717 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Гүлнур Асанова сулуулук тармагын багынтканы менен ден соолугунан жабыркаган деген маалымат чыккандан бери ырчы айымга кабатырланып куйөрмандары суроо салышкан. Айрыкча ырчы рак оорусу менен ооруп калыптыр деген ушак маалыматты уккан Гүлнур Асанова мындай деп күйөрмандарына ачык жооп берди: 

"Көп замандаштарым кат жазып жатасыздар, рак оорусу менен жабыркадыңызбы?"-деп. Жок Кудайым сактасын. Ошондой эле сулуулук салонубузду эки жыл мурун ачкан дагы эмеспиз. Анан кантип эле ачтырып, жаптырып койдуңуздар урматтуу массалык маалымат каражаттары? Тескерисинче эки жыл мурун аракет кылып, ушул жылга буюрду. Интервью алаарда диктафон деле иштечү. Кайталап угуп койгулачы. Эмнеси болсо дагы кабатыр болуп жаткан замандаштарыма айтаарым менде баары жайында"-деп жазган ырчы жеке баракчасына.

Эске салсак, жакын арада эле Гүлнур Асанова сулуулук жагын багынтканы менен ден-соолугунан ажырап калыптыр деген маалымат тарап кеткен. 

Ссылка: https://barometr.kg/glnur-asanova-rak-menen-oorujbu-degenderge-yrchy-achygyn-ajtty



Добавить комментарий