Гүл өстүрүү ыкмасы

13 март 2019 09:23 2409 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адам өмүрү бир орунда турбайт. Турмуш тынбай жогорулайт, бүгүнкү күндө үй-бүлөдө гүл өстүрүү үй тиричилигинин бир бөлүгүнө айланган. Үйдө өстүрүлгөн гүл абаны тазартып, адамга таза аба тартуулайт. Эмесе, үй ичин кирдетпеген жана уулабаган, гүл эгилген топурактагы азыктын курамын арттырган, гүлдүн өсүп-жетилүүсүн  жакшырткан, зыяндуу курт-кумурскаларды жок кылган жөнөкөй ыкмаларды сунуштайбыз.

Гүлдүн түбүнө өсүмдүк күлүн себүү. Отоо чөп жана бактын бутактарын жыйнап алып, кургатып өрттөгөндөн кийин андан калган күлдү гүл эккен топурактын бетине себиңиз. Бул аркылуу гүлдүн чирип кетүүсүн алдын алып, топуракты калийге байытасыз. Мындан сырткары гүлдүн сабагын жоон кылып, түсүн каныктырып, гүлдүн түйүнүн чоңойтууга жакшы жардам берет.

Өсүмдүк күлүнүн суусу менен сугаруу. Бир литр сууга бир киллограм өсүмдүк күлүн салыңыз. 1-2 чылагандан кийин, суудагы кир, ашыкча заттарды алып таштап, чыпкалап алган суу менен сугарыңыз. Бул ыкма менен гүлгө түшкөн битти жок кылса болот.

Сода эритмесин чачуу. Тамак-ашта колдонулган 0,1%  сода эритмесин гүлгө 5-7 күндө бир жолу чачып туруңуз. Ал аркылуу гүлгө түшкөн ак чаң дартын жоюуда 85 пайызга жогорку натыйжага ээ болосуз.

Ссылка: https://barometr.kg/gl-str-ykmasy



Добавить комментарий