Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн импорттолуучу бир катар көчөттөрү кошумча нарк салыгынан бошотулду
Бөлүшүү:
Мамлекеттик салык кызматы айыл жергесиндеги товар өндүрүүчүлөрдүн көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн импорттолуучу бир катар көчөттөрү кошумча нарк салыгынан бошотулгандыгын маалымдайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Тактап айтканда, өкмөттүн 2019-жылдын 17-декабрындагы токтому менен отургузуу үчүн арналган көчөттөр, калемчелер, алма багы, алмурут, кара өрүк, алча, чие, шабдаалы, өрүк, гилас, кожогат, карагат, малина, жүзүм, жаңгак, мисте импортко КНСтен бошотулган.
Ссылка: https://barometr.kg/mm-zhemish-smdktrnn-importtoluuchu-bir-katar-kchttr-knsten-boshotuldu
Добавить комментарий ×