Германиядагы Берлин-Шенефельд аэропортунда секс-оюнчук жүктөн улам терминал жабылып калды
Германиядагы Берлин-Шенефельд аэропортунда секс-оюнчук алып бара жаткан жүргүнчүнүн жүгүнөн улам аэропорттун бир бөлүгүн жаап салышты. Бул туурасында segodnia.ua маалымат агенттиги Berliner Morgenpost шилтемеси менен билдирди.
Берилген маалыматта, текшерүү учурунда шектүү делген секс-оюнчуктун ичинде бомба бар болушу мүмкүн деген версиялар менен бүтүндөй терминал иштеп жаткан иштерин токтотушуп, аэропорттун ичинде ызы-чуу болуп кетишкен. Бир сааттан ашык элдерди киргизбей, чыгарбай кармап турган. Бардык текшерүүлөрдөн өтүп, оюунчуктун эч кандай залал тийгизбей тургандыгы такталгандан кийин, кайрадан аэропортто күн тартибиндегидей иш жөнгө салынган.
Эске салсак, буга чейин Германиянын Франкфурт аэропортунда эч кандай өздүк документтери жок адам кирип кеткендигине байланыштуу элдерди эвакуациялоо иштери жургөн. Ал эми Мюнхенде дагы ушул сыяктуу окуя кайталанган.
Добавить комментарий ×