Германия 3 400 евро айлыкка миңдеген ашпозчуларды издеп жатат

5 октябрь 2021 18:08 802 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мюнстердеги Lux ресторанынын ээси жана шеф-повары Маркус Гесслер болгон күчү менен агенттиктерге, тааныштарына, досторуна кайрылса дагы ашпозчунун жардамчысы табылбай жатканын айтты.

Башка ресторандарда деле дал ушундай көрүнүш.

Буга чейинки айлык акынын аздыгынан улам тажырыйбалуу жана кесипкөй ашпозчулар Швейцариянын, Австриянын жана башка өлкөлөрдүн туристтик борборлоруна иштеп кетишкен.

Аталган өлкөдө бир ашпозчу 2249 евродон 3476 еврого чейин айлык алат.Учурда гастрономия тармагында 46 миң бош орунга жумушчуларды чакырышса,17 миң ашпозчунун бош орундарына суроо-талап бар.

Мындан улам көпчүлүк тамактануу жайлары эшигин алдына “эс алуу” деген табличкаларды илип койгондон башка арга таппай турушат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/germaniya-3400-evro-ajlykka-midegen-ashpozchulardy-izdep-zhatat



Добавить комментарий