Германияда жылаңач велосипед тепкен адамды издеп жатышат
Германиянын Киль шаарында жылаңач велосипед тепкен адамды издеп жатышат. Бул туурасында Bigmir.net маалымат агенттиги жазды. Саатына 30км ылдамдыкта жүрө турган көчөдө саатына 47 км ылдамдыкта жүрүп бара жаткан жыланач адам көчөдөгү камералардын бирине тартылып калган. Анда кишинин бутундагы бут кийиминен башкасы жок болгондугу көрүнүп турат. Жергиликтүү полиция жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн айып салынаарын айтып, издөө жарыялады. Камера болгону ылдамдыкты гана жазып калган, ал эми жылаңач адамдын бетин толугу менен таануга мүмкүн эмес болгон. Маалыматта велосипед тепкен адам Киль шаарынын борбордук бөлүгү жакты көздөй бара жатканы айтылды.
Мындан бир аз мурун, Бельгияда айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу жыланач велосипедисттердин протести болуп өткөн. Анда 300 дөй жылаңач аял, эркектер шаар аралап велосипед тепкен.
Ссылка: https://barometr.kg/germaniyada-zhylaach-velosiped-tepken-adamdy-izdep-zhatyshat
Добавить комментарий ×