Генетиктер: Аялдын эркексиз эле өзүн өзү төрөтүүсүнүн жолу табылды

7 март 2019 11:15 9821 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эгерде адамзаттын эркек жынысындагы бөлүгү жоголуп кете турган болсо анда аялдар партеногенетикалык көбөйүү жолу менен адамзат тукумун улай берүүгө жөндөмдүү. Бул тууралуу “Известия” булагына россиялык алдыңкы генетиктери маалымдашты.

Окумуштуулар эркектердин Y-хромосомасы - бул аялдардын Х-хромосомасынын бир кичинекей бөлүгү экенин, эволюция процессинде анда болгону 10 пайыз ген калганын белгилешүүдө.

Ошол эле маалда аялдар эркектердин катышуусу жок эле тукум улаганга жөндөмдүү.

“Бул аялдарда толук түрдө хромосомалардын набору бар экени менен түшүндүрүлөт. Анан калса эркектерде баланы көтөрө турган реперодуктивдүү түзүлүштөр жок”,-деп түшүндүрдү Россия илимдер академиясынын Н.И. Вавилов атындагы жалпы генетика институтунун алдыңкы илимий кызматкери, АКШнын Техас университетинин профессору Константин Крутовский.

Тактап айтканда эркектер кандайдыр бир жол менен жер бетинен жок болуп кете турган болсо аялдар партеногенетикалык көбөйүу жолуна өтө алат. Мындай учурда ал дал өзүнүн көчүрмөсү болгон кызды төрөй алат. Тактап айтканда аялдардан жалаң гана кыздар төрөлө берет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/genetikter-ayaldyn-erkeksiz-ele-zn-z-trtsnn-zholu-tabyldy



Добавить комментарий