Газидеги Талибдер менен кармашууда Ооган куралдуу күчтөрүнүн 100гө жакын аскерлери набыт болду

14 август 2018 20:10 1122 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Газидеги Талибдер менен кармашууда  Ооган куралдуу күчтөрүнүн  100гө жакын аскерлери набыт болду. Мындан сырткары карапайым элдерден 30га жакыны мерт кетти. Официалдуу маалымат булактарынын билдиришине караганда Талибдерден 147дей өлтүрүлүп, 200дөйү жаракат алышкан. Ооганстандын борбор калаасы Кабулдан 125 км алыстыкта жайгашкан Гази шаарын кайрадан өз карамагына каратып алуу үчүн талибдер жума күндөн бери чабуулду баштаган. Талибдер эки телекоммуникациялык зымдарды кыркып, телефон тарта турчу антенналарды жок кылышкан. Аймакта байланыш үчүн кыйын кырдаал күч алган. Ооган коргоо министрлиги тарабынан кырдаалды жөнгө салуу иштери жүргүзүлүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/gazidegi-talibder-menen-karmashuuda-oogan-kuralduu-kchtrnn-100g-zhakyn-askerleri-nabyt-boldu



Добавить комментарий