Гаитинин президенти өлтүрүлдү, аялы жарадар

7 июль 2021 16:57 1836 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Рейтер агенттигинин билдиришинче, Гаитинин президенти Жовенель Моиз өз резиденциясында киши колдуу болду.  Маалыматка караганда президенттин резиденциясына шаршемби күнү, 7-июлда түн ортосунда белгисиз адамдар кирип, атып кетишкен. Президенттин аялына дагы ок жаңылып,  жарадар болгону айтылууда.

Учурда өлкөнүн премьер-министри Клод Жозев президенттин милдетин аткарууга киришкенин жарыялаган. Ал атуулдарды тынчтанууга чакырып, полиция менен армия коомдук көзөмөлдү сактай турганын билдирген.

Гаити дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири.  Мамлекетте өткөн февраль айынан бери абал тынч эмес. Президенттин сынчылары аны өлкөдөгү инфляция, экономиканын кескин солгундашы жана коррупциянын күч алышына байланыштуу отставкасын талап кылышкан эле.

Ссылка: https://barometr.kg/gaitinin-prezidenti-ltrld-ayaly-zharadar



Добавить комментарий