Футзал: Чемпиондор Лигасынын жарым финалында Кайрат испаниялык Барселона менен кездешмей болду
Алматынын «Кайрат» футзалдык клубу УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын «Төрттүктүн финалы» мелдешинин жарым финалында Испаниянын «Барселона» клубу менен кез келет.
Кечээ Алматы шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын «Төрттүктүн финалы» мелдешинин жарым финалынын жарым финалдык жуптарын аныктоочу чүчүкулак өткөрүлдү. Анын жүрүшү KazFootball.kz сайтынан түз көрсөтүлдү.
Эми «Кайрат» менен «Барселона» жарым финалдык беттеши 26-апрелде «Алматы Арена» спорттук жайында өтөт.
Экинчи жарым финалдык жупту лиссабондук «Спортинг» менен мелдештин өткөн жылдагы чемпиону испаниялык «Интер-Мовистар» болду.
УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалы 28 апрелде өтөт.
Эске сала кетсек, «Кайрат» менен «Барселона» УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын «Төрттүктүн финалы» мелдешинин 2014/15-жылдагы финалында кез келип, анда Кайрат 3:2 эсебинде утуп алган.
Добавить комментарий ×