УЕФА "Барселона", "Реал Мадрид" жана "Ювентусту" доого жыкты

26 май 2021 17:47 1246 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Европа Футбол Ассоциацияларынын Бирлиги (УЕФА) Европа суперлигасын уюштурууга катышып, мыйзам бузгандыгы үчүн “Реал Мадрид”, “Барселона” жана “Ювентуска” каршы дисциплинардык иш козгоду. Бул тууралуу УЕФАнын сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

“Иштин ачылышына Европа супер лигасынын долбоорунда УЕФАнын мыйзамдык базасын бузуу себеп болушу мүмкүн. Анткени, мадриддик “Реал”, каталониялык “Барселона” жана туриндик “Ювентус”, турнирдин калган тогуз уюштуруучу клубдарынан айырмаланып, суперлигадан чыкпай койду.

УЕФАнын суперлига долбооруна байланыштуу тартип инспекторлорунун иликтөөсүнөн кийин “Реал”, “Барселона” жана “Ювентуска” УЕФАнын мыйзамдык базасын бузгандыгы үчүн дисциплинардык иш козголду”, - деп айтылат УЕФАнын билдирүүсүндө.

Маалым болгондой, футболдук клубдар кийинки сезондо Чемпиондор Лигасынан чыгарылат. Ошондой эле, дисквалификациядан тышкары, клубдар олуттуу акчалай айыпка жыгылышы мүмкүн.

Эгер, санкциялар киргизилсе, анда бул үч клуб спорт арбитраждык сотуна кайрылууга ниеттенип жатканы белгиленди.

Эске салсак, Европа суперлигасынын долбоору Европанын 20 мыкты клубу катыша турган бир лиганы түзүүнү билдирген. 

Бирок, бул жарыядан эки күн өткөндөн кийин тогуз клуб мелдештен чыгарын жарыялаган. "Барселона", "Реал Мадрид" жана "Ювентус" гана мелдештен чыгарын жарыялай элек. 

Буга чейин аталган клубдар Европалык мелдештен эки жылга четтетилиши мүмкүн экени айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/oyundardan-chettetilishi-mmkn-uefa-barselona-real-madrid-zhana-yuventustu-doogo-zhykty



Добавить комментарий