Футзал боюнча Азиянын клубдар аралык чемпионатына чүчүкулак тартылды

27 июнь 2019 17:11 1085 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бүгүн, 27-июнда Малазиянын Куала-Лумпур шаарында футзал боюнча Азиянын клубдар аралык чемпионатына чүчүкулак тартылды.

Кыргызстандан бул мелдешке бара турган Оштун "EREM" клубу “А” тайпасына түштү.

Бул тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов barometr.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында Кыргызстандын чемпиону Thai Port FC (Таиланд), Shenzhen (Кытай) жана Star FS Seoul (Корея) командалары менен тайпада күч сынашат.

Тайпалык оюндардын жыйынтыгы менен биринчи, экинчи орунду ээлеген командалар плей-офф баскычына чыгышат.

Азиянын клубдар аралык чемпионаты 2019-жылы Таиландда өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/futzal-boyuncha-aziyanyn-klubdar-aralyk-chempionatyna-chchkulak-tartyldy



Добавить комментарий