Футболчу Мохаммед Салах өз айылына тонналаган азык-түлүк алып берди

20 апрель 2020 14:12 1401 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Ливерпуль” командасынын чабуулчусу Мохаммед Салах өзүнүн Нагриг айылына азык-түлүк жана медициналык беткаптарды жөнөттү.

Egypt Independent басылмасынын жазышынча, 27 жаштагы футболчунун атасы Гали баласы айыл тургундарынын ден соолугуна кабатырланып, аларды эл көп чогулган жерге барбай, карантин учурунда санитардык нормаларды сактоого чакырганын айтат. Ал ошондой эле, алардын айылынын чеке-бели дезинфекцияланып, гуманитардык жардам катары келген эт жакынкы айылдарга дагы таратыла турганын кошумчалады.

Футболчу Салах буга чейин дагы кичи мекенине жардам берип келген. 2018-жылы декабрда анын кайрымдуулук фонду жергиликтүү ооруканага ири суммадагы акча бөлүп, саркынды сууларды сактай турчу жай куруп, элге таза суу дагы чыгартып берген. 2019-жылы август айында Египеттин Улуттук рак институтунун имаратын терактыдан кийин калыбына келтирүүгө 3 миллион доллар берген. Бириккен Улуттар Уюмун оюнчуну 2020-жылы февралда качкын-студенттерге жардам берүү программасынын атайын элчиси кылып дайындаган.

Салах “Ливерпуль” командасына 2017-жылдан бери ойноп келет. Быйыл ал коронавирустан улам үзгүлтүккө учураган сезонго карабай 40 беттеш өктөрүп, 20 гол киргизген.

Ссылка: https://barometr.kg/futbolchu-mohammed-salah-z-ajylyna-tonnalagan-azyk-tlk-alyp-berdi



Добавить комментарий