27 жаштагы футболчу кырсыктан улам бир бутунан ажырап калды
Мексиканын "Хиервос Чалько" клубунун чабуулчусу Родриго Куевас өз үйүндө болгон кырсыктын кесепетинен бир бутунан ажырап калды. Бул тууралуу спортчу Facebook баракчасына жарыялаган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
27 жаштагы футболчу 23-январда жаракат алган. Ал башынан өтүп, сол бутунан чыккан электр тогунан 3-даражадагы күйүк алган. Бирок, Куевасты дароо ооруканага жаткыруу мүмкүн болгон жок, анткени Мехикодогу бир дагы оорукана коронавирус эпидемиясынан улам спортчуну кабыл ала алган эмес. Андан кийин тааныштары ага Кулиакан шаарына жетүүгө жардам беришкен, ал жерде үч күндөн кийин футболчуга операция жасалган.
Дарыгерлер футболчу менен ачык сүйлөшүп, бутун сактап калууга мүмкүн болбой калгандыктан, аны кесиш керек экенин айтышкан.
"Ошол учурда менин башымда миңдеген ойлор жарк этти, мен футболдук карьерам ушуну менен бүтүп калганына ичим ачышты, бул тармакта менин карьерам кыска болду, мен профессионалдык деңгээлде футбол ойноо үчүн эмне деген гана курмандыктарга барып анан тилегиме эми жеткенде баары кыйраганына капаландым", - деди спортчу.
Ошого карабастан, Куэвас дарыгерлердин пикири менен макул экендигин кошумчалады, анткени эч нерсе, атүгүл эң сүйүктүү карьераң да сенин жашооңдон жогору болбошу керек. Ушунусуна да ыраазымын, аман калдым. Ал медициналык чыгымдарды төлөөгө жардам берген үй-бүлөсүнө жана досторуна ыраазычылык билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/futbolchu-kyrsyktan-ulam-bir-butunan-azhyrap-kaldy
Добавить комментарий ×