Футбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Афганистанды жеңип алды

16 июнь 2021 09:14 2375 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын 20 жашка чейинки кыз-келиндер улуттук курама командасы 9-июндан 18-июнга чейин Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан CAFA Women’s Championship эл аралык турниринде Афганистандын командасын жеңип алды. Бул тууралуу Борбор Азия Футбол Ассоциациясынын расмий баракчасына щилтеме кылып “Барометр” билдирет.  

Маалыматка ылайык, оюн 3:0 эсеби менен аяктады.

Эскерте кетсек, биринчи беттеште кыздарыбыз Өзбекстандан 1: 3 эсебинде жеңилип калышкан. Ал эми, Тажикстанды 3: 0 эсеби менен утуп алышкан.

Жалпысынан CAFA-2021 турнирине беш өлкө катышат. Кыргызстандын курама командасынан жана үй ээлеринен тышкары, бул Иран, Афганистан жана Өзбекстандын командалары.

Кыргызстандын курама командасы турнирдик таблицада үчүнчү орунду ээледи.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-boyuncha-kyrgyzstandyn-kyz-kelinder-kurama-komandasy-afganistandy-zheip-aldy



Добавить комментарий