Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат. Тунисти Англиянын курама командасы 2:1 эсебинде утуп алды

19 июнь 2018 21:25 1308 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Англиянын курама командасы тунистик атаандаштарын  2:1 эсеби менен жеңип алды. 

Оюн Волгоград шаарында өттү. 

Беттештин алгачкы мүнөттөрүндө Англиянын чабуулчусу менен капитаны Харри Кейн эсепти ачса, ал эми 35-мүнөттө Фержани Сасси пенальти менен упайларды теңдеди. Эсепти экинчи таймда  ошол эле Харри Кейн топту башы менен сузуп киргизип, кайрадан командасына жеңишти алып келип берди. 

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-boyuncha-djnlk-chempionat-tunisti-angliyanyn-kurama-komandasy-21-esebinde-utup-aldy



Добавить комментарий