Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат. Тунисти Англиянын курама командасы 2:1 эсебинде утуп алды
Поделиться в:
Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Англиянын курама командасы тунистик атаандаштарын 2:1 эсеби менен жеңип алды.
Оюн Волгоград шаарында өттү.
Беттештин алгачкы мүнөттөрүндө Англиянын чабуулчусу менен капитаны Харри Кейн эсепти ачса, ал эми 35-мүнөттө Фержани Сасси пенальти менен упайларды теңдеди. Эсепти экинчи таймда ошол эле Харри Кейн топту башы менен сузуп киргизип, кайрадан командасына жеңишти алып келип берди.
Добавить комментарий ×