Фотокапкан. Кыргызстандын аймагында топтошкон тоо текелер сүрөткө түшүп калды

1 декабрь 2020 16:06 5373 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун “Ала-Тай” мамлекеттик жаратылыш паркынын түзүлгөнүнө беш жылга жакындап калды, ушул убакыт аралыгында коруктун кызматкерлери алгылыктуу жумуштарды жасап келишет. Бул тууралуу аталган мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкери Нуржигит Мабеталиев “Барометрге” берген маегинде билдирди.

Бул ирет, аталган коруктун кызматкерлери Кара-Суу учаскасындагы жапайы жан-жаныбарлардын санын эсептөө иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду.

Анын айтымында, Кыргызстандын экосистемасы мурда болуп көрбөгөндөй жабыркап, сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөр жоголуп кетүү коркунучунда турат.

“Ушул биз көргөн, биздин заманда жашап жаткан жан-жаныбар, өсүмдүктөр жоголуп кетпеш үчүн жаратылышка аяр мамиле кылышыбыз керек. Мен фотокапканга түшүргөн тоо текелер бүгүн бар, эртең жомок болуп калбашы үчүн мыйзамсыз аңчылык менен күрөшүп келебиз. Бул тармакка кызыккан жергиликтүү жаштардын саны барган сайып арбып, корукка өзгөчө мамиле жасап жатканы бизди кубантууда”, - деди ал.

Ошондой эле, кызматкерлер тоо текелердин санын билүү үчүн деңиз деңгээлинен 3424 метр бийиктикке чыгып, фотокапкан коюп келишкен.  

“Биз коруктун ишин 2016-жылы жанданта баштаганда биздин аймакта он алты баш тоо теке болсо, бүгүнкү күндө алардын саны алтымышка жетти. Анан да биз тарапка Тогуз-Торо жактан  куут учурунда текелер келип, кайра кетип турушат”, - деп кошумчалады ал.

Маалым болгондой, коруктун жалпы аянты 60 миң гектарга чукул жерди ээлейт. Эки көл, он чакты дарыя жана сейрек жан-жаныбарлары бар корукта учурда кызуу иш жүрүп жатат.

Корук кызматкери Мамбеталиевдин айтымында, жакын арада илбирске фотокапкан коюуну пландап жатат. Ал илбирстин изине түшүү бир аз татаал жана коопту болорун айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/fotokapkan-kyrgyzstandyn-ajmagynda-toptoshkon-too-tekeler-srtk-tshp-kaldy



Добавить комментарий