Японияда аюу аскер аба базасына кирип, адамдарга кол салды

19 июнь 2021 10:50 2949 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 18-июнда Япониянын түндүгүндө Саппоро шаарында аюу аскер аба базасына кирип, адамдарга кол салды. Бул тууралуу Kyodo басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Аюу Окадама авиабазасынын аймагына киргип, кызматкерлердин бирине кол салган. Мындан тышкары, жырткыч Окадама аэропортуна залалын тийгизген.

Азыр адистер аюунун келтирген зыянына баа берип жатышат. Бардык каттамдар убактылуу токтотулган.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Департамент терминалдын коопсуздук талаптарына канчалык дал келээрин баалап берет.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-ayuu-asker-aba-bazasyna-kirip-adamdarga-kol-saldy



Добавить комментарий