Фото. Окумуштуулар 30 жылда бирден жумуртка тууган асканын сырын ачышты
Кытайдын Гуйчжоу провинциясында өзгөчө аска бар.Байыртан эле анын боорунда жумурткадай болгон таш өсүп чыгып акыркы соңу жерге кулай берет. Бирок геологиянын экспертизанын жыйынтыгы менен мындай феномендин сыры ачылды.Бул тууралуу bigpicture.ru билдирди.
“Геологдор балким Chan D Ya аскасынын сырын ачышты, ал Кытайда “жумуртка тууган аска” деп аталат. Окумуштуулар аска 500 миллион жыл мурда Кембрий доорунда түзүлгөн, анын негизги породасы акиташ катмарынан турат.Ар бир порода бөлүнгөн сайын таш жумурткалар пайда болорун окумуштуулар белгилешти”,-деп кабарлады аталган басылма.
Асканын бийиктиги 20 метр, узундугу алты метр, ал Гуйчжоу провинциясынын Саньду окуругунда жайгашкан.Жакын жайгашкан кыштактагылар бул жумуртка таштар бакыт алып келет деп эсептешет.
Ссылка: https://barometr.kg/foto-okumushtuular-30-zhylda-birden-zhumurtka-tuugan-askanyn-syryn-achyshty
Добавить комментарий ×