Фото: 2020 жылда модалуу образды жаратуу үчүн кандай түстөгү кийимге басым жасоо керек? Сиз оргиналдуу образга даярсызбы?
2020 жылда модалуу образды жаратуу үчүн кандай түскө басым жасап, кандай өңдөгү кийим-кече тандоо туура болот?
Ар бир жаңырган жыл өзүнө тиешелүү өң-түс менен аныкталып, белгиленген түстүн алкагында көңүл бурулуп келет. Келе жаткан 2020-жыл кытай календары боюнча ак металл келемиш жылы болуп саналат. Бул жылы эң негизги өң болуп ак, ачык күмүш жана боз түстөрү каралат.
1.Ак түстүн бир кыйла түрлөрү кездешет: агыш сүт өңдүү, пилдин сөөгүндөй ак, крем у.с. Ак түстү чачтын жана беттин өңүнө жараша тандаса болот.
2.Боз түс дагы бир нече түрлөрдү сунуштайт: асфальт өңдүү, бермет сыяктуу, платина, күл -түтүн өңдүү, кызгылт боз.
3.Бир ирээтеги мындай түстөгү кийим-кече, көйнөктөр менен жаңы жылды тосуу кээ бирөөлөр үчүн көңүлсүздүктү жаратышы мүмкүн. Бирок, бул абалдан чыгыш үчүн ачык фондо геометриялык фигуралардын же гүлдөрдүн сүрөттөрү басылган костьюмдар токулган агыш саргыч түстөгү жемпир, шымдар жана көйнөктөргө басым жасоо талап кылынат.
Жаңы жыл ойдогудай өтсүн десеңиз капысынан адашып мышыктын же леопарддын сүрөтү бар көйнөк кийип албаңыз, себеби, белгилүү болгондой келемиш таарынып калышы мүмкүн.
Сиз оргиналдуу образга даярсызбы?
Добавить комментарий ×