Видео. “Формула-3” авто жарышындагы кырсыктан укмуш көрүнүш жаралды
Campos командасынын пилоту Алекс Перони Монце трассасында бүгүнкү ишембидеги “Формула-3” жарышында олуттуу кырсыкка кабылды. Андан укмуш көрүнүш жаралды.
Жарыштын 3-айлампасында Перони унаасы менен узак бурулуштун жол четиндеги коопсуздук тосмого урунуп, унаа асманда бир нече жолу чимирилип кетти. Кеминде 3-4 метр бийиктикке көкөлөгөн унаа 9-10 метр аралыкка чейин барып, капталы менен чоң тосмого тийген. Мындан сырткары жол четиндеги жарнама тактайларды талкалап кеткен.
Бактыга жараша айдоочу эсен-соо калып, өз алдынча эле тез жардам унаасына келип отурган.
Александр 'Alex' Peroni – австралиялык пилот. 2016-жылдагы Challenge Monoplace мелдешинин чемпиону катары таанымал.
Алекс Перони из «Формулы-3» почувствовал себя космонавтом на пару секунд.
— Формула-1 (@sports_auto) September 7, 2019
Не бойтесь, с ним все в порядке. pic.twitter.com/qPCON7aFyk
Да, это было жестко! pic.twitter.com/V6yazt7YR0
— Формула-1 (@sports_auto) September 7, 2019
Ссылка: https://barometr.kg/formula-3-avto-zharyshyndagy-kyrsyktan-ukmush-krnsh-zharaldy
Добавить комментарий ×