Филиппинде коронавирус биринчи жолу адам өмүрүн алды

2 февраль 2020 10:52 1843 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1-февралда Филиппинде 44 жаштагы киши коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм билдирди.

Ага ылайык, бул Кытайдан башка мамлекетте катталган биринчи учур.  44 жаштагы киши Кытайдын Ухань шаарынан Филиппиндерге келген.

Эске салсак, коронавирус 2019-жылы декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарында башталган. Алдын ала маалымат боюнча вирус жергиликтүү базарда сатылган жыландын этинен улам тараган болушу мүмкүн. 2-февралга алынган маалыматтар боюнча коронавирус 304 кишинин өмүрүн алды. Ал эми вирус 13 846 кишиге жукканы маалым.

Ал ортодо Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм коронавирусту эл аралык масштабдагы көйгөй деп баалады. Өз кезегинде Кытай бийлиги эпидемия февралдын башынан тарта төмөдөйт деп коомчулукту ишендирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/filippinde-koronavirus-birinchi-zholu-adam-mrn-aldy



Добавить комментарий