Феликс Кулов Кыргызстан Орхан Инандыны качан жана кантип кайтарып алса боло турганын айтты
“Орхан Инанды Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алганы тууралуу фактыны далилдеш керек. Бул биринчиси”,-деп айтты генерал Феликс Кулов Barometr.kgге кыргыз-түрк “Сапат” лицейлеринин негиздөөчүсүн эктрадициялоо мүмкүндүктөрү тууралуу комментарий берип жатып.
“Экинчи учур - жүз миңдеген жарандардын кош жарандыгы бар.Кош жарандык алуу-кылмыш эмес. Мындай берене Кылмыш кодексинде жок. Үчүнчү учур - Аскер прокуратурасы Инандыны мыйзамсыз чет өлкөгө алып кеткен үчүн “ишин начар аткаруу” беренеси боюнча Чек ара кызматына кылмыш ишин козголду. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров экинчи күнү эле тыкыр иликтөө жүргүзүлүп жана ал Кыргызстанга кайтарылышы керек деп талап кылганын айтты”,-деп эскерди Феликс Кулов.
Кулов Кыргызстандын мамлекеттик органдары формалдуу түрдө Орхан Инандынын экстрадициясы боюнча бир катар чараларды кабыл алганын белгилеп өттү.
“Мисалы, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Инанды менен байланышууга аракет кылды, бирок аны ага киргизишкен жок. Биздин консул ал жакка кире албай калды. Ошол эле маалда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчисин чакыртты. Бул бөлүк боюнча кайсы бир формалдуулук жана кыймылдар жасалды. Бирок биз Түркияга Инандыны кайтарып бер деп талап кылып согуш жарыялабай турганыбызды билүү керек. Бул жерде баардыгын дипломатиялык жолдор менен аракеттенүү зарыл. Азыр сот болот, андан соң жактоочулар эл аралык сотко кайрылат.Баардыгы кадимки продцедура боюнча болушу керек. Күтүп туруу кажет, адегенде жергиликтүү сот карайт, андан кийин башкалары карайт. Бул узакка созулган процесс болот, бирок мен жакшы жыйынтыктарын берет деп ойлойм”,-деп эсептейт генерал.
Анын айтымында, эл аралык соттор экстрадиция маселесин чечпейт, алар адам укуктарынын бузулушун карайт жана Кыргызстандан ал кандай жол менен өлкөдөн алынып чыгып кеткенин сурашы мүмкүн. “Буга биз биздин жооп милдеттүү түрдө болушу керек.Анткени ал мыйзамсз чыгарылгандыктан адам укуктарынын бузулбаганын далилдеш керек”,-деп эсептейт ал.
“Эгерде Түркия менен бири-бирине укуктар аралык көмөк берүү тууралуу келишим бар болсо, анын жазасын бул жерден өтөөгө жөнөтүүнү сураса боло турган вариант дагы бар. Бул жерде маселе биздин мыйзамдарда алардыкы сыяктуу берене барбы деген суроо пайда болот.Эгерде андай берене болбосо аны эркиндикке чыгарууга болот.Түркия ал Түркиянын жараны деп мындан баш тартышы дагы мүмкүн. Мен биздин мамлекеттик органдар биздин жарандан баш тартат деп айтпайм. Мамлекеттик органдар жасап жаткан маалыматтын баары басма сөзгө берилбейт. Алар баарын көрсөтүп айтпайт, конфиденциалдуу мүнөздөгү маселелер бар”,-деп пикирин бөлүштү Феликс Кулов.
Добавить комментарий ×