Феликс Кулов: БШКнын “Кыргызстан” партиясы боюнча чечими мыйзамсыз жана жокко чыгарылышы керек

26 август 2020 13:18 4049 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбордук шайлоо комиссиясынын “Кыргызстан”  партиясын каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечими мыйзамсыз жана жокко чыгарылышы керек. Мындай пикирди “Ар-Намыс” саясий партиясынын лидери, экс-депутат Феликс Кулов “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыкты.

Экс-депутаттын айтымында,  документтерди  партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып барбаганы каттоодон баш тартууга негиз болбошу керек.

“Конституцияда биз укуктук мамлекет экендигибиз белгилеген. БШКнын чечими дагы мыйзамга негизделиши керек болчу. Мыйзамда каттоодон баш тартуунун жети конкреттүү себептери так көрсөтүлгөн. Алардын арасында “ыйгарым укуктуу өкүлдүн”  документтерин тапшырышына байланыштуу эч нерсе жок. Ооба, шайлоо жөнүндө Мыйзамдын 61-беренесинде документтер БШКга ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан берилиши керек деп айтылат, бирок эгерде бул ишти башка адам жасаган болсо, анда мыйзам бул жагдай каттоодон баш тартууга негиз болуп саналбайт. 

Демек, БШКнын каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечими мыйзамсыз жана жокко чыгарылышы керек”,- дейт Кулов.

Кечээ, 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясынын айланасындагы ишти карап, 8 добуш менен  партиянын документтерин артка кайтаруу чечимин кабыл алган.

“Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев БШКнын чыгарган чечимине макул эместигин билдирип, сотко кайрыларын айткан жана бул маселе техникалык ката болгондуктан шайлоонун проссесине таасир этпей турган жагдай деген.

Ссылка: https://barometr.kg/feliks-kulov-bshknyn-kyrgyzstan-partiyasy-boyuncha-chechimi-myjzamsyz-zhana-zhokko-chygarylyshy-kerek



Добавить комментарий