Боронов: "Аймактар дары-дармек менен камсыздалышы керек"

7 июль 2020 14:29 1344 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Фельдшердик-акушердик пункттар бардык зарыл дары-дармек каражаттары жана COVID-19га чалдыккандарды дарылоодо баштапкы жардам көрсөтүү үчүн медитодикалык куралдар менен камсыздалышы керек. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов берди.

«Дээрлик бардык айылдарда фельдшердик-акушердик пункттар бар. Алардын көпчүлүгүндө дары-дармек каражаттары жетишсиз. Өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу аталган бардык пункттарды COVID-19 алгач дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармек каражаттары менен камсыздоо керек», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, фельдшердик-акушердик пункттар бардык аймактар боюнча оорунун жайылышынын алдын алууда чоң роль ойнойт.

«Жергиликтүү тургундар адистердин кеңешин, же жардамын кайдан алаарын билиши керек. Ар бир жаран оорунун алгачкы белгилери пайда болсо, жергиликтүү фельдшердик пунктка кайрылышы зарыл, ал жерде квалификациялуу медициналык көмөк көрсөтүлөт. Организмдин абалынын начарлашына жол бербөө кажет. Оорусу күчөп кеткен бейтаптарды тез арада райондук, же облустук ооруканага жөнөтүү зарыл», - деп билдирди Боронов.

Фельдшердик-акушердик пункттарда дары каражаттары жетишсиз болгон шартта жер-жерлердеги жетекчилер Саламаттык сактоо министирлигинин Дары-дармектер менен камсыздоо департаментине токтоосуз түрдө кайрылууга же мыйзам чегинде өз алдынча дары-дармектерди сатып алууну уюштурууга тийиш.

Ссылка: https://barometr.kg/feldsherdik-akusherdik-punkttar-bardyk-zaryl-dary-darmek-karazhattary-menen-kamsyzdalyshy-kerek



Добавить комментарий