Европа биримдигинин 70 пайыз жараны коронавируска каршы эмделип бүттү

1 сентябрь 2021 12:29 1926 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Европа биримдигинде чоңдордун 70 пайызы COVID-19 вирусуна каршы толук эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Биримдиктин өлкөлөрүнүн жашы 18 жаштан жогору 250 миллиондон ашык жараны эмделди.

Ошентса да Урсула фон дер Ляйен “Пандемия бүтө элек, биз сак болушубуз керек. Мүмкүн болушунча эртерээк калган европалыктарды эмдеп, жаңы штаммдардын пайда болуусун токтотушубуз керек. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү эмдөөгө жардам берүүгө тийишпиз”,-деп эскертти.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, эмдөө коомчулуктун ачык болушуна жана экономиканы туруктуштырууга жол ачмакчы.


Ссылка: https://barometr.kg/evropa-birimdiginin-70-pajyz-zharany-koronaviruska-karshy-emdelip-btt



Добавить комментарий